Жооп
Жамаат менен аткарылуучу фарз намаздар үчүн азан айтуу сүннөт, каза кылынса да. Имран ибн Хусайн (Алла андан ыраазы болсун) мындай деген: "Алла элчиси (САВ) бир сапарда болгонунда, таң намазына уктап калышты, күндүн ысыгынан ойгонушту, бир аз көтөрүлүштү, анан муэзинге азан айткызды, анан таң намазынын алдындагы эки рекетти окуду, анан муэзин камат айтты, анан таң намазын окуду". Бул хадис "аль-Мустадрак" 1: 408, "Сунан ад-Даркутни" 1: 200, "Сунан Абу Дауд" 1: 121 китептеринде бар. "Рамз аль-Хакаик" 1: 32 караңыз.