Суроо
Кечки намазда азан менен икаматтын ортосундагы аралык канча?
Жооп
Кечки намазда алардын ортосундагы аралык, түшкү намаздагыдай: ар бир рекетте онго жакын аят окуп, төрт рекет намаз окуганча убакыт. Бул так белгиленген өлчөм эмес, элдин чогулушуна ылайык жана сунушталган убакытты эске алуу менен жасалышы керек. Караңыз: Фатх Баб аль-Иная 1: 202.