Аллахтын жардамы менен айтам: Зекеттин милдеттүү болушунун шарттарынын бири - мусулмандын карыздан бош болушу. Карызга зекет берилбейт, анткени зекет бай адамдын милдети болуп, кедейлерге жардам берүү үчүн берилет. Карыз төлөнмөйүнчө, байлык деп эсептелбейт. Бул жерде мөөнөтү келген жана келбеген карыздын айырмасы жок. Карыз деп адамдардын талабы менен болгон карыз айтылат, ошондуктан нәзир жана кафарат карыздары зекеттин милдеттүү болушуна тоскоол болбойт. Осмон ибн Аффан t мындай деген: «Бул сиздердин зекет айыңыздар, кимде-кимдин карызы болсо, карызын төлөсүн, анан байлыгыңыздардан зекет бериңиздер» деп айтылган Маликтин Муваттасында 1: 253, Бейхакинин чоң Сунанында 4: 148, Шафиинин Муснадында 1: 97, Ибн Аби Шейбанын Мусаннафында 2: 414, Абдурразактын Мусаннафында 4: 92. Аллах баарын билет.