Суроо
Улуу аял, азыркы учурда иддада жана ооруп жатат, камкордукка муктаж. Кызы аны өз үйүнө алып барып, кам көрүүнү каалайт, булга уруксат берилеби?
Жооп
Мен айтам жана Аллахка таянам: эгерде анын үйүндө кызмат кылып, кам көрө турган адам табылбаса, ал кызынан жардам алуу үчүн анын үйүнө көчүүгө уруксат берилет, Аллах жакшы билет.