Суроо
Аялдын махрамсыз чет өлкөгө билим берүү гранты менен баруусунун өкүмү кандай? Студенттер үчүн коопсуз турак жай бар экенин эске алганда?
Жооп
Мен айтам жана Аллахка таянам: аялдын саякаты жана башка жердеги жашоосу көптөгөн сыноолорду жана коркунучтарды камтыйт, ошондуктан саякатка чыгуу жөнүндөгү фәтва атайын учурларда гана, муктаждык жана зарылдык бар болсо берилет, бул болсо андай учурлардын катарында эмес, Аллах жакшы билет.